• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясынан асма жол кайсы жерге куруларын айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Бишкекте Манас проспектиси аркылуу Түштүк магистралдан Жибек Жолу проспектисине чейин асма жол куруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин 100 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылат.

Белгиленгендей, бул курулуштун бир варианты болуп эсептелет. Бул долбоор боюнча асма жолдун узундугу 6 чакырымды түзөт.

Эскерте кетсек, 30-январда шаар башчысы Швейцариянын Bartholet Swiss президенти менен жолугушкан. Анда тараптар аталган долбоордун планын ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол койгон.

Ишти үстүбүздөгү жылдын орто ченинде баштап, 2025-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Муниципалитеттин божомолуна ылайык, асма жол күнүнө 50 миңден 100 миңге чейин адамды тейлей алат.

Долбоор шаардык бюджеттин, инвестиция жана насыялардын эсебинен каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий