• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Балыкчыда КР МККнын Түндүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратын ачуу аземи болду

Аймак 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Күн мурун Балыкчы шаарында КР Мамлекеттик кадр кызматынын (МКК) Түндүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратын ачуу аземи болуп өттү.

Ачылыш аземине КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев катышты. Маматалиев ачылыш аземи учурунда өкүлчүлүктүн учурдагы жүргүзүп жаткан иштери жана кызматкерлеринин кызмат шарты менен жеринен таанышты.

Мамлекеттик кадр кызматынын Түндүк аймактык өкүлчүлүктүн жетекчиси Н.Алдаяров Мамлекеттик кадр кызматынын директоруна тестирлөө борборунун филиалдары тууралуу кеңири маалымат берип, Балыкчыдагы тестирлөө филиалынын азыркы абалы менен тааныштырды.

Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын Түндүк аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен болгон жолугушуу учурунда Мамлекеттик кадр кызматына жүктөлгөн милдеттер жөнүндө айтып берди. Анын ичинде Мамлекеттик кадр кызматын жана аймактык өкүлчүлүктөрдү реформалоо, кадр тандоодогу, окутуудагы, даярдоодогу бир катар тапшырмалар тууралуу айтып берди.

Мындан ары мамлекеттик жана муниципалдык кызматка келүүдө талапкерлерге бирдей шарт түзүлөт. Улуттук жана ички кадрлар резервинин сапатын жакшыртуу, Карьералык кадрлар резервин түзүүдөгү тапшырмалар тууралуу да директор А.Маматалиев өкүлчүлүктүн кызматкерлерине айтып берди.

Ошондой эле Маматалиев өкүлчүлүктүн кызматкерлерине кадрларды тандоо багытындагы Ченемдик укуктук актыларга кандай өзгөртүүлөр кирип жаткандыгы боюнча да маалымат берди.

Жолугушуунун аягында Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын Түндүк аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта болуу тапшырмасын коюп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка активдүү, демилгелүү жаштарды, ошол эле учурда жогорку деңгээлдеги билимдүү адистерди тартуу зарылдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий