• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Октябрь районунун акими болуп Данияр Арпачиев дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими болуп Данияр Арпачиев дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Арпачиев Каракол шаарынын мэри кызматынан мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан 2018-жылдын 20-сентябрында бошотулган.

Эскерте кетсек, буга чейин Октябрь районунун акими Константин Куценко коррупцияга шектелип кармалган.

Пикир

Оставить комментарий