• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бардык социалдык төлөмдөр өз убагында төлөнөт - Боронов

Коом 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Мамлекет өзүнүн милдеттенмелерин толук аткарат. Бул тууралуу КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, мамлекет өзүнүн милдеттенмелерин толук аткарат. Бардык социалдык төлөмдөр өз убагында төлөнөт. “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө «үй-бүлөгө көмөк» төлөмдөрдү, жөлөкпул алуу үчүн документтеринин мөөнөтү бүткөн жарандарга жөлөкпулдарды, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө улантылат”, - деп кошумчалады ал.

“Ошону менен катар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көргөн персоналдык ассистенттердин, оор жашоо шартындагы балдарды убактылуу асырап алган ата-энелердин айлык акысы, ай сайын акчалай компенсация алган 25 категориядагы жарандардын төлөмдөрү убагында төлөнүп турат”, - деди Боронов

Пикир

Оставить комментарий