• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте дагы бир маршрутканын ордуна автобус каттай баштады

Коом 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Бишкекте №107 маршрутканын ордуна автобустар каттай баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, №107 автобустук каттамдын узундугу 38,4 чакырымды түзүп, 8-10 мүнөттүк аралыкта каттайт. Каттамда 15 автобус бар.

Автобус Арча-Бешик конушунан Ак-Босого конушуна чейин каттамакчы.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте №103 маршрутканын ордуна автобустар каттай баштагандыгы маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий