• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы прокуратура: №2 формага байланыштуу 4 иш боюнча тергөө жүрүп жатат

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. №2 формага (шайлоо дарегин алмаштыруу) байланыштуу 4 иш боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында Башкы прокуратуранын тергөө жана ыкчам-иликтөө иштерине көзөмөл жүргүзүү боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары Жыргал Исмаилов билдирди.

Маалымат жыйында ага №2 форма боюнча суроо берилип, эл аралык байкоочулар да бир шайлоо тилкесинде №2 форма боюнча катталган шайлоочулардын саны өзүнүн жашаган дареги боюнча катталган шайлоочулардын санынан 1,5 эсе болгон учур бар экенин билдиргени айтылды.

Исмаиловдун айтымыныда, №2 форма боюнча 5 кылмыш иши катталган.

"Төртөө боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бир иш аныкталбагандыктан, кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу токтотулган", - деди ал.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоого карата Кыргызстанда 441 миңден ашык жаран шайлоо дарегин алмаштырган.

Пикир

Оставить комментарий