• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы прокуратура: Асылбек уулу Дамирбектин казак жараны экендиги ырасталган жок

Коом 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асылбек уулу Дамирбектин Казакстандын жараны экени ырасталган жок. Бул тууралуу журналисттерге Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Асылбек Акматов билдирди.

Анын айтымында, Асылбек уулу Дамирбек кармалган учурда жарандык фактысы болгонун аларга казакстандык тарап билдирген.

“Бирок кийинчерээк Казакстандын жарандыгынын паспорту менен жеке күбөлүгүн текшерүүнүн жүрүшүндө мурунку депутаттын жарандыгы жараксыз деп табылган. Казакстандын шарттары боюнча аларда чет элдик жарандык аныталган учурда Казакстандын жарандыгынан ажыратылышы мүмкүн деген норма бар. Аны азыркы учурда Кыргызстандын жараны катары соттоп жатышат”, - деди ал.

Мындан тышкары Акматов 2018-жылдын 15-февралында Асылбек уулу Дамирбек кармалгандан кийин Казакстандын Башкы прокуратурасы менен тынымсыз маалымат алмашып туруу болгонун белгиледи.

“Азыркы тапта кесиптештердин бизге билдиргени боюнча кызмат адамдарын да иши каралып жаткан иштин тергөөсү Алматанын сотунун соттук кароосунда турат. Азырынча чечим чыгарыла элек”, - деди Башкы прокуратуранын өкүлү.

А. Акматов кошумчалагандай, эгер мурунку депутат Казакстанда соттоло турган болсо ал өзүнүн жарандыгы бар өлкөсүнө өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

Белгилей кетсек, Асылбек уулу Дамирбек 2018-жылдын 15-февралында кармалган. Ал Казакстандын Кылмыш кодексинин эки беренеси – 234-берене “Экономикалык аткезчилик” жана 264-беренеси “Транс улуттук уюшкан топту, транс улуттук кылмыш уюмду түзүү жана жетектөө” боюнча айыпталып жатат.

Пикир

Оставить комментарий