• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы санитардык дарыгер: Кыргызстан боюнча обсервацияда 1,5 миңден ашык адам жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 532 адам жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, акыркы убакта чет жактагы кыргыз жарандарын мекенге кайтарып келүү боюнча чоң иштер жүргүзүлүүдө.

"Бүгүнкү күндө обсервацияда жаткан адамдардын саны ошондуктан көбөйүп жатат. Анткени Дубай, Стамбул жана Россиядан келгендерди дароо обсервацияга жаткыруудабыз", - дейт ал.

Ал эми коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 15-майга карата 5 миң 180 адамга жетти. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн коронавирус жуккан 29 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1 миң 111 учуру катталды. Оорудан 745 адам айыкса, коронавирус жуккан 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий