• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкөдө киргизилген өзгөчө кырдаал режими качан алынат? – Үсөнбаевдин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаал режимин алуу боюнча өлкөдөгү эпидемиологиялык абал турукташканда гана сөз кылса болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда узак мөөнөткө божомолдорду жасоонун кереги жок. “Анткени, учурда жакынкы арадагы абалды эске алып божомол жасоо туура болууда. Узак мөөнөткө божомолдорду түзүү кыйын нерсе. Эпидемиологиялык абалдын туруктуулугун камсыз кылып, оору жуктуруп алгандардын саны азая турган болсо, ошондо гана өзгөчө абал режимин алып салуу боюнча айтса болот”, - деди Үсөнбаев.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, азыркы убакта эпидемиологиялык абал жакшырууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 13-майга карата коронавирус жуктурган 7 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1044тү түзөт. Алардын ичинен 726 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий