• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен: Кыштут айылына жаңы мектеп салынат

Аймак 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Баткен районунун Кыштут айыл аймагында жумушчу сапары менен болду. Өкүл тоолуу айылдардагы элдин жашоосунан кабар алып, бир катар социалдык обьекттердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Жергиликтүүлөр аймактагы эки орто мектептин акыбалына тынчсызданууларын билдиришти. Анткени убагында элдик ашар жолу менен салынган, эскилиги жеткен бул мектептерге, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авариялык абалда экендиги жөнүндө корутунду берген. Мындан улам Газ айылындагы эски мектептин ордуна республикалык бюджеттин эсебинен 225 орундуу типтүү мектептин курулушу башталып, бирок каржылоо жоктугунан курулушу токтоп калган. Мектептин курулушун көрүп чыккан өкүл, тиешелүү жетекчилерге жаңы окуу жылына, мектепти пайдаланууга берүү аракетинин үстүндө иштөө тапшырмасын койду.

Ал эми Кыштут айылындагы орто мектептин жаңы имаратын куруу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар берилген, бирок республикалык бюджетти гана карап отурбастан, каражаттын башка булактарын табуу аркылуу, айылга мектеп салууга жакындан жардам берээрин жана маселени жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди.

"Ошондой эле Кыштут айылына бала бакча куруу үчүн көйгөй болуп жаткан жер тилкеси боюнча маселени жеринде чечүүгө мүмкүн болду. Ыйгарым укуктуу өкүл, авариялык абалдагы, көп жылдар бою пайдаланылбай калган маданият үйүнүн имаратын бузуу менен, анын ордуна бала бакча куруу демилгесин колдоп, элдин суранычын орундатты", - деп айтылат маалыматта.

Акрам Мадумаровго айыл аймак эли район борбору менен байланыштырган жолдун абалын жакшыртуу, чек арага байланышкан маселелерди чечүүнү тездетүү, айылга сугат суу жеткирүү, бала бакча, ФАП куруу, турак жай салуу үчүн жер участогун ажыратуу маселелери менен кайрылышкан.

Кыштут айыл аймагы Өзбекстан Республикасынын Сох районунун айылдары менен чектешет. Айыл аймактагы алты айылдам он миңден ашуун эл жашайт.

Пикир

Оставить комментарий