• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун судьяларынын жыл жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 06.02.21. /Кабар/. Баткен облустук сотунда жергиликтүү соттордун 2020-жылдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага КР Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, Жогорку соттун төрайымынын орун басарлары Нургүл Асанова, Айнаш Токбаева, КР Жогорку сотунун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров жана Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиевдин видеоконференция байланыш аркылуу катышты. Жыйынга ошондой эле Баткен облустук сотунун төрагасы Гүлмира Кожобекова, Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары Сайдибаказ Мусаев, Баткен облустук сотунун судьялары, биринчи инстанциядагы соттордун төрагалары жана судьялары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын башкы адиси катышты.

Кеңешмени Баткен облустук сотунун төрагасы Гүлмира Кожобекова ачып, күн тартибиндеги каралчу маселелерди угузду.

Баткен облустук сотунун соттук коллегияларынын төрагалары 2020-жылдын ишмердүүлүгүн 2019-жылга салыштырып, судьялар тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү тууралуу жана саны боюнча маалыматтарды өз баяндамаларында айтып өтүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын 2020-жыл ичинде аткарган иши жөнүндө, башкармалыктын башкы адиси Улукбек Назаровдун маалыматы угулду.

Келип түшкөн иштер боюнча статистикалык маалыматтар:

Баткен облусунун жергиликтүү сотторуна 2020-жылы 582 жазык иши түшүп, ал 2019-жылга салыштырмалуу 14,9% көбөйгөн.

2020-жылы облустун сотторунун жазалоо практикасы 38,3% түзүп, 2019-жылга караганда 13,7% өскөн.

Жазык иштери боюнча 98 жазык иш, же болбосо каралып бүткөн иштердин 32,4% Баткен облустук сотунда апелляциялык тартипте даттанылган.

Жарандык иштер боюнча 2020-жылы жергиликтүү сотторго 3167 иш келип түшүп, 2019-жылга салыштырмалуу 14% азайган. Областтык сотко апелляциялык даттануу менен 2020-жылы 163 иш түшүп, 13,2% даттануулардын саны азайган.

Ал эми 2020-жылы областын административдик сотунда каралган 210 административдик жана 107 экономикалык иштер боюнча 78 административдик, 49 экономикалык иштер чечим чыгаруу менен каралган.

Апелляциялык тартипте 48 административдик жана 9 экономикалык иштер боюнча чыгарылган сот актыларына арыздар жана сунуштар келтирилип, каралып бүткөн иштердин 44,8% Баткен облустук сотуна даттанылган.

Пикир

Оставить комментарий