• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен шаарындагы борбордук мечитте майрамдык айт намазы окулду

Аймак 0

Бишкек, 02.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-майда, Баткен шаарындагы борбордук мечитте майрамдык айт намазы окулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айт намазга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Баткен облусунун казысы Нурдин Мамасабиров жана шаар тургундары катышты.

Миңдеген адамдын катышуусунда өткөн айт намазда облус башчысынын биринчи орун басары М. Тулаев Орозо айт майрамы менен куттуктап, мамлекетибизге тынчтык, элибизге ыйман жана ынтымак тилеп дуба кылышты.

Ушундай эле айт намазы облустун бардык аймактарында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий