• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында жалпы ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.11.22. /Кабар/. Ош шаарында жалпы ишембилик өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишембиликке мекеме-ишкана, муниципалдык аймактык башкармалыктардын эмгек жамааттары жана шаар тургундары чыгышты.

Ишембиликтин жүрүшүндө ар бир мекеме-ишканалар өздөрүнө бекитилген аймактарда санитардык тазалоо жумуштарын жүргүзүшсө, жашоочулар тарабынан көп кабаттуу үйлөрдүн короолорундагы бак-дарактардан түшкөн күзгү жалбырактарды чогултуу иштери аткарылды.

“Ош-Тазалык” жана “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканаларынын атайын техникаларынын жардамы менен 2200 метр куб таштанды чыгарылды.

Мындан сырткары, Черемушки кичирайонунун Краснофлотская көчөсүндөгү №5 “А” көп кабаттуу үйүнүн алдындагы мыйзамсыз курулуштар иретке келтирилип, 6 камаз таштанды чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий