• 88.68
  • 95
  • 0.95

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты: Феликс Уланбеков күмүш байге утту

Спорт 0

Бишкек, 12.11.22. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчу Феликс Уланбеков күмүш байгеге татыды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Уланбеков 71 кг салмакта катышып, турнирде экинчи орунга илинди.

Буга чейин Дайырбек Карыяев күжүрмөн самбо боюнча 79 кг салмакта алтын, 88 кг салмак категорияда Жамалбек Асылбек уулу жана күжүрмөн самбо боюнча 64 кг салмак даражада Саяк Бараканов коло байгеге ээ болгон.

Эскерте кетсек, мелдеш Бишкектин "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда 11-13-ноябрь күндөрү өтүүдө.

Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер орун алууда:

Эркектер: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору;

Кыз-келиндер: 50, 54, 59, 65, 72, 80, 80 кг жогору;

Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору.

Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түзөт.

1-орун- 4000 доллар;

2-орун- 3000 доллар;

3-орун- 2000 доллар.

Кыргызстандын атынан дүйнө чемпионатына 21 спортчу аттанган.

Пикир

Оставить комментарий