• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде Апрель элдик баатырлары эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 07.04.23. /Кабар/. Баткен мамлекеттик университетинде Апрель элдик революция күнүнө карата атайын иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер, окуу жайдын окутуучулар курамы, жаштар катышты.

Иш-чарада апрель окуясынын маани маңызы, хроникасына тарыхчы-окутуучулар кеңири токтолду.

Облус башчысы, бул күндү өлкө тарыхында кайра жаралууга багыт алган күн катары белгилеп, 7-апрелдеги баатырлардын эрдиги жаштарга, келечекке өрнөк болуп, курман болгондордун элеси кыргыз элинин жүрөгүндө, тарыхында түбөлүк сакталаарын айтты.

Ошондой эле облус башчысы жана мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда апрель окуясында курман болгондорго багышталып куран окулду.

Белгиленгендей, бул күнү облустун бардык мечиттеринде жума намазында шейит кеткен апрель баатырларынын арбайына багышталып куран окулат.

Пикир

Оставить комментарий