• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өтүп, күн тартибинде 10 маселе каралды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.04.23. /Кабар/. Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартибинде 10 маселе каралды.

Жыйын жакында эле 60 жашка толгон тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди куттуктоо сөзү менен башталды.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү тышкы иштер министрлигинин жетекчисин туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, ишинде ийгиликтерди каалашты жана жыйындын күн тартибиндеги маселелерди кароого өтүштү.

“Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды. Анда жашап турууга уруксаты (резиденттик картасы) бар 11 чет мамлекет үчүн узартуу чечими кабыл алынды: Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравия Королдугу, Кувейт, Катар, Бруней-Даруссалам мамлекеттери, Оман Султандыгы жана Бахрейн Королдугу.

Мындай чечим КР визалык режимин либералдаштыруунун, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык жана туризм тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн алкагында кабыл алынды.

Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров белгилегендей, министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынган айрым чечимдер ченемдик укуктук актыларга коюлган талаптарга жооп бербейт.

“Айрым чечимдер мамлекеттик органдын буйругу менен бекитүүгө болот, эмне үчүн бул процессти татаалдаштырып жатасыңар. Мындай чечимдер министрликтердин деңгээлинде кабыл алынышы керек, мындан ары андай маселелер каралбайт”, - деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Андан ары Бассейндик кеңеш жөнүндө типтүү жобо бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий