• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды

Аймак 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, "Баткен" бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР УКМК ЧАК кызматкерлери менен биргеликте Баткен районунун Кара-Бак айылында КР жараны И.К.А. башкаруусундагы "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Бажылык текшерүүдө унаанын жүк салуучу бөлүгүнөн жалпы салмагы 150 кг насыбайдын тамекинин сабагынан майдаланган махорка-товар табылган. Жүк Тажикстан менен чек ара аймагында андан ары сатуу үчүн тиешелүү жүк коштоочу документтери жок болгон.

КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 60 миң сомду түзгөн.

Бул факт каттоого алынып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

Андан кийин Баткен райондук сотунун чечими менен жогорудагы унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланды.

Пикир

Оставить комментарий