• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде ички иштер органдарынын кызматкерлери мамлекеттик туунун 30 жылдыгын белгиледи

Аймак 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлери жер-жерлерде мамлекеттик туунун 30 жылдык майрамын белгилешти. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, саптык тизилүүдөгү өздүк курамга Кыргыз мамлекеттик символдорунун жаралуу тарыхы жеткирилди.

Баткен ОИИБнын башчысынын орун басары К.Салиев мамлекеттик туу эгемендиктин, биримдиктин, мекенге болгон сүйүүнүн, жаратмандыктын символу болуп, баарыбызга жаңы жетишкендиктер менен жаңы ийгиликтерге дем берип турарын айтып, өздүк курамды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

Баткен ОИИБнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Ниймат Арапов дагы өздүк курамды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, өлкөбүзгө тынчтык жана туруктуулукту, кыргыз желеги ар дайым желбиреп туруусун каалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий