• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде милиция мектеп окуучуларынын ата-энелери менен жолугушууларды өткөрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери Кара-Булак айылындагы С. Эрматов орто мектебинде жергиликтүү тургундар жана мектеп окуучуларына жыйналыштарды өткөрүп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чогулушка район аймагындагы Баткен районунун прокуратура, социалдык коргоо жана билим берүү органдарынын кызматкерлери, үй-бүлө жана балдарды колдоо комиссиясы катышып, айыл ичиндеги көйгөй жараткан маселелерди, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча эскертүүлөрдү, кылмыш жоопкерчиликтерин, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн укуктары, ата-энелердин жоопкерчиликтери боюнча кенен талкуулар жүрдү.

2021-жыл ичинде жогоруда аты аталган айылда жаш өспүрүмдөр тарабынан укук бузуу фактылары аныкталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий