• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жалал-Абадда өрт коопсуздугунун алдын алуу иш-чаралары өттү

Аймак 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАКта өткөн машыгууда тилсиз жоо менен күрөшүү чаралары көрсөтүлдү. Анда өрт өчүрүүчүлөр тарабынан ыкчам аракет жасалып, кызматкерлерди коопсуз жайга чыгаруу, өрт өчүрүү унаасы келгенге чейинки алгачкы кадамдар туурасында кеңири чагылдырылды.

Машыгууга шаардык куткаруу кызматы, үч өрт өчүрүүчү автоунаа, медициналык тез жардам тартылды. Мындай машыгуулар аркылуу өрт коопсуздугунун алдын алуу максатталган.

Пикир

Оставить комментарий