• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинетинин 100 күнү: ЕАЭБ алкагында 2025-жылга чейинки өнөр-жай кызматташтыгынын негизги багыттары кабыл алынды

Өкмөт 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. 2021-жылдын 12-октябрынан 2022-жылдын 19-январына чейинки мезгилде КРнын Евразия экономикалык биримдигиндеги мүчөлүгү алкагында 2025-жылга чейинки өнөр-жай кызматташтыгынын негизги багыттары кабыл алынды.

ЕАЭБ алкагында өнөр жай кызматташтыгынын максаты ЕАЭБдин заманбап интеллектуалдык, дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү экономикасын курууда мүчө-мамлекеттердин натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыгынын негизинде өнөр жайды туруктуу өнүктүрүүнү тездетүү жана жогорулатуу болуп саналат.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Евразиялык экономикалык биримдикте ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык байкоочу пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуу;

- Бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташуу учурунда бажы алымдарын, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенменин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашуу;

- Евразия экономикалык биримдигинин алкагында аудитордук ишмердүүлүктү жүргүзүү жөнүндө макулдашуу;

- Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кредиттик тарых курамына кирген маалыматтарды алмашуу тартиби жөнүндө макулдашуу;

- ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып баруучу Убактылуу макулдашууга Протокол.

Ошондой эле 2022-жылдын 31-августуна чейинки мөөнөттө ички керектөө үчүн кумшекерди жана жалпы көлөмү 70 миң тонна кайра иштетилүүчү кант камышын үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу бажы алымысыз ташып келүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

2022-жылдын 30-июнуна чейин ЕАЭБ аймагына, анын ичинде Кыргыз Республикасына медициналык багыттагы товарларды бажы алымдарын төлөбөстөн ташып келүү мөөнөтү узартылды.

Пикир

Оставить комментарий