• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде “Молдо Нияз Эрназар уулу” даректүү-көркөм тасмасы көрсөтүлдү

Маданият 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Күн мурун, 7-декабрда А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында алгачкы агартуучу, кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата тартылган даректүү-көркөм тасмасы көрсөтүлдү.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, самалыкка облус башчысы Абдикарим Алимбаев баш болгон жергиликтүү жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер,мугалимдер жана студенттер да катышты.

Алимбаев өз сөзүндө белгилегендей, ата-бабаларды эскерүү, алардын басып өткөн даңазалуу жолун келечек муунга жеткирүү биздин негизги милдетибиз.

"Молдо Нияз атабыздын чыгармалары элибиздин адабий мурасынын ажырагыс бөлүгү. Болуп жаткан иш чаралар агартуучу, жазма акын жана ойчул инсандын эмгектерин элибизге дагы да сиңирүүгө зор өбөлгө болот деп ишенем. Молдо Нияз атабыз элдин сабаттуулугу үчүн баа жеткис эмгек жасаган агартуучу, келечек муунду туура жолго салган, жол көрсөтүүчү катары элинин эсинде түбөлүк сакталат", - деди ал.

Ыйгарым укуктуу өкүл Молдо Нияз Эрназар уулунун өмүр таржымалын, эмгектерин изилдеп, байытып, келечек муундарга жеткирүүгө салым кошкон инсандарга ыраазычылык билдирип, сыйлыктарын тапшырды.

Белгилей кетсек, тасманын сценарийин КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нышанбек Кочкоров жазган, даректүү тасманын режиссеру Медербек Ниязалиев, башкы продюсери Кудайберди Кожобеков.

Тасма Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Дабан аймагында, Тамаша, Кызыл-Булак айылдарында, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарынын аймактарында, Өзбекстандын Маргалан шаарында тартылган.

Тасмада негизинен Баткен облустук А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын артисттери роль жараткан.

Эскерте кетсек, Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгын белгилөө жөнүндө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгы чыккан. Ага ылайык, буга чейин анын чыгармачылыгы тууралуу алты китеп жарык көрдү. Эл аралык төкмө акындар айтышы, бир катар илимий конференциялар өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий