• 88.68
  • 95
  • 0.95

Маданият министрлиги балдар үчүн чыгармаларга сынак жарыялайт

Маданият 0

Бишкек, 05.11.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Композиторлор союзу менен биргеликте “Балдар үчүн чыгармаларга” республикалык кароо-сынак жарыялайт.

Ведомстводон билдиришкендей, сынак жаңы жазылган чыгармаларды алып чыгуу, музыкалык мектептердин репертуарын заманбап чыгармалар менен байытуу, балдар чыгармачылыгына колдоо көрсөтүү жана музыкалык искусствонун келечегине кам көрүп, мындан ары өнүгүшүнө салым кошуу масатын көздөйт.

Аталган сынак президент Садыр Жапаровдун маданиятты жана искусствону колдоо үчүн бөлүнгөн каражаттын эсебинен ишке ашууда.

Номинациялар:

- фортепиано үчүн чыгармалар.

- кыл аспаптар үчүн чыгармалар;

- үйлөмө аспаптар үчүн чыгармалар.

Сынакка академиялык аспаптар менен катар эл аспаптар үчүн чыгармалар да катыша алат.

Чыгармалар 2023-жылдын 15-декабрга чейин төмөнкү дарек боюнча же почта аркылуу кабыл алынат: 720040, Бишкек ш., Раззаков к-сү, 50. КР Композиторлор союзу.

Чыгармалар кол жазма түрүндө же компьютерде терилген түрүндө тапшырылуусу шарт.

Сабатсыз жана түшүнүксүз жазылган ноталар кабыл алынбайт.

Белгиленгендей, сынак жабык өтөт. Сынакка келип түшкөн чыгармалар девиз же шифр менен белгиленет. Ал девиз же шифр конверттин сыртына жазылып, ичине чыгарманын аты, авторлору (аты-жөнү толугу менен) паспорттун көчүрмөсү, иштеген же окуган жери, жашаган дареги жана телефондору жазылышы керек.

Ноталар кайтарылып берилбейт.

Калыстар тобу Маданият министрлиги тарабынан дайындалат. Курамына белгилүү композиторлор, музык таануучулар, музыкант-аткаруучулар кирет.

Жыйынтыгы 2023-жылдын 25-декабрына чейин жыйынтыкталат.

Жеңүүчүлөр үчүн ар бир аспаптар боюнча сыйлык каралган. Андан сырткары кызыктыруучу сыйлыктар да дипломдору менен тапшырылат.

Сынактын катышуучулары коомдук мекемелер, жеке ишкерлер, жана башка демөөрчүлөр тарабынан атайын сыйлыктар менен сыйланышы мүмкүн.

Байланыш телефондору: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги: (0312) 62-34-97, (0312) 66-11-28.

Композиторлор союзу: (0312) 66-43-04

Пикир

Оставить комментарий