• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте КМШнын 30 жылдыгына арналган эл аралык китеп көргөзмө-жарманкеси өтөт

Маданият 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин 30 жылдыгына арналган эл аралык китеп көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара 18-19-февралда саат 12.00дө К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын “Манас” залында өтмөкчү.

Көргөзмө-жарманкеде өлкөбүздөгү алдыңкы басма жана басмаканалардын китептери коюлат.

Ал эми 19-февраль күнү саат 14:00дө аталган иш-чаранын алкагында КМШга мүчө мамлекеттердин катышуусунда “Жазуучу жана мезгил” аттуу эл аралык адабиятчылардын симпозиуму онлайн форматта өтөт.

Пикир

Оставить комментарий