• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткенде мыйзамсыз алынып келген жүзүм кармалды

Аймак 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. "Баткен" бажысынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен алынып келген 10 тоннадан ашык жүзүм кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Төрт-Гүл суу сактагычынын жанынан Лейлек-Баткен авто жолунда “DАF” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Аны Ю.Ш.Э. аттуу жаран башкарып келе жаткан.

Унааны текшерүүдө желим кутуларга салынган 10 тонна 132 кг жүзүм аныкталган. Ал товардын тийиштүү кагаздары болгон эмес.

Бул факт каттоого алынып, материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий