• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Базар-Коргондо оор иштерге тартылган балдардын ата-энелерине айып пул салынды

Аймак 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгынын Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан "Өспүрүм – эмгек" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында Арстанбап айыл аймагындагы соода жайларында, курулуш тармагында эмгектин оор түрлөрүнө тартылган өспүрүмдөрдү аныктоо иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө 13 жашы жете элек өспүрүм эмгекке тартылганы аныкталып, анын ичинен 3 ата-энеге карата КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 61-беренесинин негизинде протокол толтурулуп, айып пул салынды. Ал эми 10 ата-энеге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өспүрүмдөрдү оор жумуштарга иштетпөө керектиги эскертилди.

Базар-Коргон РИИБи тарабынан өспүрүмдөрдөн оор жумуштарга тартылуусуна бөгөт коюу жана кылмыштуулуктун алдын алуу багытында тынымсыз профилактикалык иштер жүргүзүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий