• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Шумкар» полкунда 2021-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Кечээ, 21-июлда Ички иштер министрлигинин «Шумкар» атайын багыттагы полкунда 2021-жылдын 6 айдын жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган полктун басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат ылайык, ыкчам кеңешме санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен полктун жетектөөчү курамынын катышуусунда болуп өттү. «Кеңешменин жүрүшүндө ар бир жетекчи 2021-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча маалымат беришти. Полктун өздүк курамынын отчеттук мезгилде негизги күчү республиканын аймагында укук тартибин күчөтүү жана укук бузууларды алдын алуу боюнча ИИМдин башка кызматтары менен биргеликте бир катар иштерди алып барууга жана массалык коомдук-саясий иш-чараларды өткөрүүдө, чет өлкөлүк делегацияларды тосууда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого багытталды»,-деп айтылат маалыматта.

Полктун командири, милициянын полковниги А.Султаналиев башкармалыктын, бөлүмдөрдүн башчыларынын жана бөлүк командирлеринин 2021-жылдын 6 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын жана коомдук коопсуздукту камсыздоо чаралары боюнча жетишкендиктерди белгилеп, кетирген кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюну табыштады.

Жыйынтыгында полктун командири Султаналиев төмөндөгү тапшырмаларды койду: өздүк курамдын саламаттыгына кам көрүү максатында коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өткөрүүнү улантуу, полктун негизги багыты болгон күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлде кармоо, жайкы туристтик мезгилде эс алуучу жайларда жана ден-соолукту чыңдоочу комплекстерде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоону өзгөчө көзөмөлгө алуу, өздүк курам арасында кызматтык тартиптүүлүктү жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча алдын алуу, иш-чараларын жүргүзүүнү жана күтүлбөгөн тапшырмаларды кынтыксыз аткарууга, жеке тарбиялоо иштерин жүргүзүүдө бардык күч-аракеттерди жана ыкмаларды колдонуу.

Пикир

Оставить комментарий