• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча атайын отурум болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында өрт кырсыктарынын алдын алуу жана өрт коопсуздугун камсыздоодо жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча отуруму болуп өттү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул отурумга өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.А. Халмурзаев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Насиров М.Ж., ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын укук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Набиев А.А., КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Пазылов О.Э., КР ӨКМнин Тоо кен кырсыктарынан куткаруу кызматынын башчысы Шатманов Э.Т., Кадамжай районунун акими Исаков Ж.М., Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Ибраимов Т.Б., Лейлек районунун акиминин биринчи орун басары Исаев А.А., Баткен шаарынын вице-мэри Султанов М.М., Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Гапаров А.М., Сүлүктү шаарынын вице-мэри Ташев Б.Э., Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Баткен облусундагы Регионалдык Башкармалыктарынын башчыларынын орун басарлары Досанов Н.М., Кошматов А.Н., ӨКМнин район шаарлардагы бөлүмдөрүнүн башчылары жана өрт коопсуздугу боюнча жооптуу кызматкерлери, токой чарбаларынын башчылары катышышты.

Отурумда Баткен облусунун аймагында өрт кырсыктарынын алдын алуу жана өрт коопсуздугун камсыздоону күчөтүү боюнча маселелер каралган.

Бул отурумда КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Пазылов О.Э Баткен облусунун аймагында 2018-жылдын 19-сентябрына чейин болуп өткөн өрт кырсытары боюнча маалыматтарды айтты.

Пикир

Оставить комментарий