• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде селитра, май жана фарш түрүндөгү аткезчилик жүк кармалды

Коом 0


Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Баткенде аткезчилик жүк кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-июнда жалпы салмагы 23,5 тонна минералдык жер семирткич (нитрат) жана 9 миң литр күн карама майы менен эки унаа кармалган.

Алар К.Н. аттуу жарандын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter жана Н.М. аттуу жарандын башкаруусундагы Scania үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу унаада болгон.

Документтерди текшерүү учурунда жүктөрдү коштоочу документтерде минералдык жер семирткичтер гана көрсөтүлүп, өсүмдүк майы селитра салынган мүшөктөрдүн астына катылгандыгы аныкталды.

Мындан сырткары, М.Э. аттуу жарандын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа Раззаков шаарынан Лейлектин Арка айылын көздөй бара жаткан.

Тажикстанга өткөрүү үчүн 3,5 тонна эт фаршын жүктөп бара жаткан Sprinter Самаркандек - Маргун айланма жолунан кармалган.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий