• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон тапшырылды

Жеңишке 75 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата, Баткен районунда жашаган 4 ардагерге 75 миң сомдон берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Мындан сырткары, тылда эмгектенген 56 эмгек ардагерине, ар бирине 15 000 сомдон берилди.

Мындай колдоолор облустун бардык аймактарындагы согуш ардагерлерине көрсөтүлөт.

Эске салсак, Баткен облусунда учурда Улуу Ата Мекендик согуштун 10 ардагери бар.

Пикир

Оставить комментарий