• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткендеги Арка-2 айылында милициянын аймактык пункту ачылды

Аймак 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылында милициянын аймактык пункту ачылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов, жергиликтүү айыл башчылар, ошондой эле айылдын тургундары катышты.

Алгач Абдикарим Алимбаев жыйналган элге милициянын азыр учурдагы аткарган иштерине жакшы баасын берип, эл менен милициянын ортосундагы ынтымакты бекемдөө үчүн ишеним керектигин, ошондой эле түйшүктүү жумушта коомдун коопсуздугун сактоо маанилүү экендигин айтып өттү.

“Коопсуздукту сактаган милициянын уполномоченныйы бул пункта күнү-түнү болот. Жарандардын арызын, кайрылууларын, даттанууларын кунт коюп угуу бул биздин түздөн-түз милдетибиз болуп саналат. Кайсы гана учурда кайрылбаңыздар милиция кызматкерлери ушул жерден жолуктурасыздар”, - деди Баткен облустук милициясынын начальниги Мурат Боронов.

Ошондой эле милиция кызматкерлерине Арка-2 айыл тургундарынын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кошкон салымы, көрсөткөн жардамы жана кызматташтыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, сыйлыктарды тапшырды. Себеби, кылмыштуулук менен күрөшүүдө милициянын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында аталган милициянын аймактык пунктунун курулушуна жакындан жардам берген.

Бул аймактык пункт заманбап типте курулуп, бир тарабында милициянын уполномоченныйынын иш бөлмөсү, жарандарды кабыл алуу бөлмөсү болсо, ал эми экинчи тарабында үй-бүлөсү менен жашаганга толук шарты менен курулган.

Жарандарды кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча заманбап жардамдарды көрсөтүү үчүн имаратта бардык шарттар түзүлгөн. Бул пунктта милиция кызматкерлери күнүгө иштеп, өздөрүнө ыйгарылып берилген кызматтарын аткарышат.

Мындан тышкары, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында Ички иштер министрлиги, "Эл аралык толеранттулук үчүн" коомдук фонду жана Saferworld уюму менен кызматташтыкта АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин "Наркотикалык заттардын эл аралык айлануусу менен күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү" боюнча бөлүмүнүн колдоосунун астында коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) имараты курулуп, ишке берилди.

Бул коомдук алдын алуу борборунда аксакалдар соту, аялдар кеңеши ошондой эле жаштар координаты милициянын участкалык уполномоченныйы менен биргеликте иш алып барышат.

КААБтын ар бир мүчөлөрүнө өз алдынча иш бөлмөлөр ажыратылып, заманбап техника, эмеректер менен камсыздалган.

Коомдук алдын алуу борборлору жергиликтүү жашоочулар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүшөт. Аларга түшкөн арыз-даттанууларды, мыйзамсыз аракеттерди жана жашоочулар арасындагы түшүнбөстүктөрдү кароо жана аларды чечүү боюнча жумуштарды алып барышат.

Пикир

Оставить комментарий