• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогул: Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам унаасы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Токтогулда Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы М.Мамытканов атындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан баасы 22 миң 310 евро турган тез жардам унаасы берилди.

Тез жардамдын ичинде өпкөнү жасалма деп алдыруучу аппарат, кан басымды, сатурацияны көргөзүүчү монитор, дефибулятор, кардиограмма жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий