• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткендеги чек ара чырынан курман болгон 36 жаранды эскерүү иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Баткен шаарында 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы конфликттин жүрүшүндө курман болгон жарандарды эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эскерүү иш-чарасына Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев, чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Кайрат Кушбаков, бир катар министрлердин орун басарлары, министрлер кабинетинин бир катар жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустук мекеме ишканалардын жетекчилери жана чек арада орун алган каргашалуу окуяда шейит кеткен 36 жарандын үй-бүлөсү, жакындары ошондой эле 173 жарат алган жаран да катышты.

Облус башчысы президент Садыр Жапаровдун атынан жана жеке өзүнүн атынан көңүл айтып, сабырдуулук каалады.

Иш-чаранын соңунда каза болгон 36 жаранга багышталып куран окулду.

Абдикарим Алимбаев менен бирге министрлер кабинетинин бир катар жетекчилери, министрлердин орун басарлары Мадина шаарчасы менен таанышып чыгышты.

Белгилей кетсек, шейит кеткен эр азаматтардын жакындарын колдоо максатында президент демилгелеп, “Каганат-инвест” жана “SMA group” курулуш компаниялары тарабынан 36 жарандын жакындары үчүн бардык шарттары менен заманбап үй курулуп берилген.

Пикир

Оставить комментарий