• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткендеги эки баланын өлүмүнө алардын тууганы шектелүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Баткен шаарында эркек киши тууганынын үйүнө уурулука кирип, аны көрүп калгандыгы үчүн андагы эки жаш баланы өлтүрүп койгон.

Баткен Ички иштер башкармалыгынын берген маалыматына ылайык, аталган кылмышты жасады деп шектелген 21 жаштагы жаран кармалган. Ал каза болгон балдардын тууганы экени болжолдонууда.

Окуя 5-июлда болгону маалымдалды. Ниети бузулган киши үйгө уурулук кылуу максатында кирип, аны көрүп калган 2007-2008-жылы туулган эки баланы муунтуп өлтүрүп, качып кеткен.

Милиция кызматкерлери шектелип жаткан жарандын үйүнөн далил катары күмүш чынжырча жана алтын сөйкө табылганын кабарлашты.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына жеткирилип, кылмыш иши ачылды.

Пикир

Оставить комментарий