• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Базар-Коргон районунда кошумча жугуштуу оорулар бөлүмдөрү ачылат

Аймак 0

Бишкек,. 28.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда кошумча жугуштуу оорулар бөлүмдөрү ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Нурболот Мирзахмедов Базар-Коргон районундагы жугуштуу оорулар бөлүмү катары даярдалып жаткан имараттардын абалы менен жеринен таанышып чыккан.

"Облус башчысы алгач райондогу №63 кесиптик лицейине барды. Учурда аталган жай 150 орундуу аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү катары толугу менен капиталдык оңдоодон өтүүдө. Аны менен катар Мирзахмедов Базар-Коргон айыл өкмөтүндөгү учурда иштелбей турган клубдун имаратында да болду. Илдет менен күрөшүүдө алдын алуу чараларынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн бул жай да 70 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмү катары ишин баштайт. Учурда имараттарды оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Андан соң өкүл райондук оорукананын кошумча 30 орунга даярдалып жаткан бөлүмүнө барды", - деп айтылат маалыматта.

Өкүл оорунун алдын алууда орундардын санын дагы да көбөйтүү керектигин айтып, бул жайларда санитардык талаптар толук сакталуусу керектигин эскерткен. Ага кошумча керектүү каражаттар жана медициналык жабдыктар менен камсыздоого көмөктөшө тургандыгын айткан.

Пикир

Оставить комментарий