• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргондо диний-экстремисттик уюмдун төрт активдүү мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда “Хизбут-Тахрир аль Ислами” диний-экстремисттик уюмунун төрт активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүмүндө ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында “Хизбут-Тахрир-ал-Ислами” ДЭУнун Базар-Коргондогу ячейкаларынын активдүү мүчөлөрү К.М.И., И.М.М., Н.М.К. жана Х.Я.A. кармалды.

Кармалгандар “Хизбут-Тахрир-ал-Ислами” ДЭУнун активдүү мүчөлөрү экени жана экстремисттик идеологияны жарыялоо жана жайылтуу, ошондой эле алардын катарына жаңы тарапкерлерди тартуу боюнча иштерди жүргүзүшкөнү аныкталды.

Аталган адамдардын жашаган даректеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында “Хизбут-Тахрир-ал-Ислами” ДЭУга тиешелүү диний-экстремисттик адабияттар жана баракчалар табылып, алынган материалдардын негизинде соттук-диний экспертиза дайындалды.

Кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий