• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргондо жаздан бери дайынсыз болгон өспүрүмдү издөө кайрадан жанданды

Аймак 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Базар-Коргондо жаздан бери дайынсыз болгон өспүрүмдү издөө кайрадан жанданды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Ак-Булак айылынын 14 жаштагы М.Ф. аттуу тургуну үстүбүздөгү жылдын 31-мартында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон.

Белгиленгендей, куткаруучулар тарабынан 2-апрелден 14-апрелге чейин издөө иштери жүргүзүлүп, бирок натыйжа болгон эмес. Атасынын ыраазычылык катынын негизинде издөө иштери убактылуу токтотулган.

Базар-Коргон райондук милициясына туугандары кайрадан кат менен кайрылып, бүгүн, 8-декабрда издөө иштерин улантууга 15 куткаруучу тартылды.

Пикир

Оставить комментарий