• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Ош облустук ИИБ башчысынын жаңы орун басарлары дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Ички иштер министринин буйругу менен Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) башчысынын орун басарлары дайындалды, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Жаңы орун басарлар:

- милициянын полковниги Ахунов Ашырбек Шамшиевич, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, Ош ОИИБдин башчысынын кадр боюнча орун басары кызматына дайындалды.

- милициянын полковниги Увалиев Нургазы Кокунбекович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясынын жазык укук кафедрасынын улук окутуучусу кызматынан бошотулуп, Ош ОИИБдин башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары кызматына дайындалды.

- милициянын подполковниги Бекташов Эрнист Бекташович Нарын ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы кызматынан бошотулуп, Ош ОИИБдин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана аны алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, ички тартипти чыңдоо, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу, алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги өз ара келишпестиктен мушташып жатат деген маалымат тараган.

КР ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробековго “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө” эскертүү тартип жазасы берилип, үч орун басары кызматтан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий