• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бекболотов КМШга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин отурумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-ноябрда Россиянын Москва шаарында КР коргоо министри генерал-майор Бактыбек Бекболотов башында турган КР делегациясынын катышуусундагы КМШга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Коргоо ведомстволорунун башчылары тарабынан түзүлгөн аскердик-саясий абалды эске алуу менен коргоо чөйрөсүндө өз ара аракеттешүү маселелери талкууланып, ошондой эле улуттук куралдуу күчтөрдүн аскердик кызматташтыкка катышуусу жана анын мындан аркы өнүгүшү боюнча сунуштар тууралуу пикир алмашылды.

Отурумдун жүрүшүндө КР коргоо министри белгилеп өткөндөй, Кеңештин түзүлгөн мезгилинен тартып аскердик кызматташуунун бардык аспектилери боюнча документтердин эбегейсиз көлөмү кабыл алынып, бул аскердик кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана заманбап чакырыктар менен коркунучтарга натыйжалуу каршы туруу жолунда ишенимдүү жүрүүгө мүмкүндүк берет.

Отурумдун жыйынтыгында коргоо ведомстволорунун башчылары тарабынан ишеним жана коопсуздукту бекемдөө жаатындагы ишмердүүлүктү активдештирүүгө жардам бере турган бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий