• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Берлинде кыргыз жарандарын Германияда ишке орноштуруу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Берлин шаарынын Депутаттар палатасынын депутаты Мануэла Шмидт менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Германиянын билим берүү, илим, маданият тармагындагы кызматташтыгы, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын Германияда интеграцияланышы жана аларды ишке орноштуруу маселелери талкууланды.

Элчи Текебаев билим берүү жана илим жаатындагы ийгиликтүү кыргыз-герман кызматташтыгы жана элчиликтин Германиядагы кыргыз диаспорасы менен жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде, М.Шмидт миграция, билим берүү жана маданият маселелери Берлин шаарынын депутаттар палатасынын депутаты катары анын ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, бул багытта Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Тараптар ошондой эле эки ɵлкɵнʏн шаардык кеңештерининин жана парламенттеринин депутат айымдарынын ортосунда өз ара тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий