• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министри: Беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилет

Билим 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 4-апрелинде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде республиканын жогорку окуу жайларынын ректорлору менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө А. Бейшеналиев жогорку кесиптик билим берүүнүн деңгээлиндеги реформаларды ишке ашыруу жолдору, механимдери боюнча министрликтин позициясын билдирди.

Министрдин айтымында, Кыргызстандын жогорку окуу жайлары 5 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын рейтингинде алдыңкы орундарды ээлеши керек, бул үчүн 5 университеттин өзгөчө статусу бекитилет, аларга экономикалык жана өндүрүштүк эркиндик берилет, ошондой эле алар стандарттарды, абитуриенттерди кабыл алуу эрежелерин өз алдынча бекитүү, филиалдарды жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен ачуу жана башкаруу системасын өз алдынча өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

Инновациялык долбоорлордун толук жашоо циклин ишке ашыруу зарылдыгын айтып келип, министр: «Университеттер билим берүү багытын гана өнүктүрбөстөн, өз ишмердүүлүгүнө илимди, ишкердикти жана өндүрүштү, инновациялык долбоорлорду ишке ашырууну да камтышы керек», – деп белгиледи.

Ошону менен катар А. Бейшеналиев ресурстарды топтоо үчүн жогорку окуу жайларды ирилештирүү мерчемделип жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий