• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министри Кемин районундагы мектеп директорлору менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Чүй облусунун мектеп директорлору менен жолугушууну улантууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Кемин районундагы мектеп директорлору менен жолугушуусунда билим берүү тармагында болуп жаткан ийгиликтерди, кемчиликтерди талкуулап, биргелешип чечүү, алдыдагы максат-талаптарды аныктоо үчүн жакындан таанышуу максаты бар экенин билдирди.

Жолугушууда райондун мектептеринин жылуулук менен камсыздалышы, COVID-19га каршы көрүлүп жаткан иш-чаралар, мектеп эмеректерин алмаштыруу маселелери талкууланды. Анда ошондой эле Кемин районунун тургуну А.Канкулиевдин райондук билим берүү бөлүмүндөгү, мектептердеги орун алып жаткан терс көрүнүштөр жөнүндө жазган арызы каралды. А. Канкулиев буга чейинки эки министрге да арыз жазганын, бирок ал өзү күткөндөй жыйынтык бербегенин айтып, адилеттүү чечим чыгарып берүүнү суранды. Ага жооп иретинде арызда көрсөтүлгөн фактыларды чогуу талкуулап, бир жыйынтыкка келели деген пикирин билдирген министр кандай маселе болбосун тартип менен чечүүгө, бири-биринин беделине көө жабуудан алыс болууга чакырды.

"Ушул жерде айтылган маселелердин баарын калыс талдап, акты ак, көктү көк деп ажыратканга аракеттенебиз. Эгерде иши ак болсо, мен колдоп, коргогонго даярмын, туура эмес болсо, ага жалпылап баа берели, бир жактуу болбосун, эң негизгиси акыйкаттуулук, адилеттүүлүк болсун”, - деди Купешев.

Пикир

Оставить комментарий