• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министрлиги ката менен басылган “Англис тилин үйрөнөбүз” китеби тууралуу үн катты

Коом 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Билим берүү министрлиги ката менен басылган “Англис тилин үйрөнөбүз” (авторлору: Бакирова Н., Ракимова Ч.) аталашындагы китеп тууралуу үн катты.

Ведомстводон белгилешкендей, жогоруда аталган китеп министрликке караштуу Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан да, “Окуу китеби” республикалык илимий-практикалык борбору тарабынан да тиешелүү экспертизалардан өткөрүлгөн эмес.

"Ошондой эле жыл сайын министрлик тарабынан бекитилүүчү Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарына окуу процессинде колдонуу үчүн сунушталуучу окуу китептеринин тизмесине киргизилген эмес", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик тиешелүү экспертизалардан өткөрүлбөгөн китептерди колдонууга сунуштабайт.

Такталган маалымат боюнча, бул китеп 2014, 2021-жылдары авторлордун жеке каражаттарына басылып, коммерциялык максатта сатыкка чыгарылган.

Ушундан улам министрлик ата-энелерден балдарына китеп сатып берүүдө китептин грифи (уруксаты) бар-жогуна көңүл буруусун суранат. Ошондой эле авторлорго жана жеке менчик басмаларга китеп басуу өндүрүшүндө КР тиешелүү мыйзамдарынын жана мыйзамдык актыларынын талаптарын аткаруу керектигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий