• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министрлигинин имараты оңдолууда. Бюджеттен 65 млн сом каралган

Коом 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин имараты оңдолөт. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 65 млн сом каралган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Билим берүү министрлигинин демилгеси менен каражат Мамлекеттик имараттар департаментине которулат. Учурда 20 млн сом бөлүнүп, курулуш иштери башталган.

Министрликтен тендер өткөрүлгөндүгүн кошумчалашты, бирок толук маалымат беришкен жок.

Пикир

Оставить комментарий