• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министрлиги Караколдогу окуучулардын мушташы боюнча маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 17.11.23./Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Каракол шаарындагы №11 гимназия мектебинин 8-10-класстарынын окуучу кыздарынын мушташы боюнча Каракол шаардык билим берүү бөлүмү берген маалыматтын негизинде төмөндөгүлөрдү билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, окуучу кыздардын мушташы болжолдуу 2023-жылдын 20-октябрында болгон. Мектепке бул тууралуу маалымат 16-ноябрда түшкөн.

Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, окуучу кыздар самбо боюнча кошумча ийримге барышат. Машыгуулар учурунда кыздар түртүшө кетип, өз ара келишпестиктер келип чыккан. Мындан улам кыздар жолугуп, самбодо ким күчтүү экендигин далилдемек болушкан.

"Бул окуяга байланыштуу окуучу кыздарга алардын ата-энелери менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары, соцпедагогдор, класс жетекчилер, укук коргоо кызматкерлери, тренерлер тарабынан тиешелүү иш-аракеттер жасалууда. Учурда кыздардын ортосунда келишпестиктер жок", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий