• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир үй-бүлөдөгү үчүнчү суицид. Ошто жаш бала асынып алган

Кырсык 0

Бишкек, 21.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагынын Шагым айылынын жашоочусу 18 жаштагы Ж.Э аттуу бала асынып алган. Бул тууралуу облустун ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык 8-февраль күнү болгон. Саат 20:00 чамаларында Өзгөн райондук нөөмөт бөлүмүнө Куршаб айылынын жашоочусу өзүнүн үйүндө асынып алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөтүлгөн.

“Иштин чоо-жайын иликтөөдө бул бала Ош №16 кесиптик лицейиинин экинчи курсунун студенти экендиги аныкталган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, алардын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Эмне себептен мындай ишке баргандыгын териштирип жатабыз”, - деп билдиришти милиция бөлүмүнөн.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, бул маркумдун үй-бүлөсүндө болгон үчүнчү суицид. Буга чейин дагы үй-бүлөдөгү эки бала: 2006-жылы 22 жаштагы жана 2007-жылы 24 жаштагы балдар өз өмүрлөрүнө кол салышкан.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Пикир

Оставить комментарий