• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир күн ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылында (Бишкек-Ош унаа жолунун 43-чакырымында) "Honda CR-V" үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.

Чүй районунун Искра айылындагы Биянху көчөсүндө турак үйдүн 160 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Кербен шаарынын Үмөталиев көчөсүндө аянты 120 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад шаарыдагы Курортный ключ көчөсүндө турак үйдүн 225 чарчы метр чатыры жана 3 бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө "Chevrolet Lacetti" үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий