• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кечээ Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Ош облусунун аймагында 12-декабрда саат 18:22де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Жер титирөө Кара-Суу районунун Коммунизм, Жаңы-Арык айылдарында жана Ноокат районунун Алмалык, Жатан жана Үчбай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий