• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бир суткада өлкөдө 13 өрт кырсыгы катталды. Аламүдүндө “Шашлычник” кафеси күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 3, Чүй облусунда 6 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан “Шашлычник” кафесинин эки кышкы, бир жайкы конок бөлмөсү толугу менен күйгөн, жалпы аянты 450 чарчы метрди түзгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий