• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир суткада өлкөдө 13 өрт кырсыгы катталды. Сузакта унаа толугу менен күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкектин Октябрь районундагы “Гареев” атындагы ботаникалык бакчанын аймагында 30 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Благовещенка айылында Volkswagen Golf үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий